Жалал-Абад шаарында «Муратова» саунасында бир нече кыз сойкулук иштерди жасагандыгы жана аларга бардык шарттар түзүлгөндүгү аныкталды.
Текшерүү учурунда сойкулук менен алектенген 5 кыздын аталган саунада жашап келгени маалым болду. Алардын экөөсү Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Саунаны 1956-жылы туулган Тажи аттуу жаран иштетип жүргөн.
Аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалган кишилердин үстүнөн Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 19-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.