Австралия бийлиги жоголгон малайзиялык учакка тиешелүү “кара кутучаларды” 7 күндө табууга убада берди

Австралия бийлиги 5-7 күндүн аралыгында жоголгон малайзиялык учакка тиешелүү “кара кутучаны” издөө иштерин жыйынтыктай тургандыгын айтып чыкты. Муну менен издөө операцияларынын 1-этабы аяктаарын координациялык борбор билдирди. Бул тууралуу 19-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Азыркы тапта бийлик учакты издөөнүн жаңы методдорун карап чыгууда, бирок ал жакшы натыйжа бере элек. 

Издөө иштери Инд океанында уланып жатат. Буга чейин изделип жаткан аймактан табылган зат химиялык экспертизадан өтүп, учакка тиешеси жок экени белгилүү болгон. 

Мындан сырткары учакка тиешелүү деп болжолдонгон "кара кутуча" тууралуу да айтылган. Болжолдуу сигналдар табылган аймактын тереңдиги 4500 метрди түзөт. Буга чейин сигнал байкалган аймактан алыс эмес жер кытайлык кеме тарабынан издөөгө алынган. Борттогу өзгөрүүлөрдү өз алдынча сактаган тетиктин батарейкасы 1 айга жетет деп айтылган. Ал башында сигнал берип жатканы менен, бир канча убактан кийин сигналдар да берилбей калган. Ага карабастан изилдөө иштери уланып келет.

Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, 1 айдан бери жыйынтык чыкпай келет. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган. Ага карабай учак, кемелер менен издөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bella-life
2014-04-20 13:06:39
в инете пишут что нашли в афганистане все живы но только в заложниках что это чей то заказ там нужны были 20 китайцев которые знают инфу
0
zhanka1234
2014-04-20 13:56:55
Bella-life, я тоже читала. Прям уже не знаю кому верить1? Хочу чтоб все вернулись домой живыми и здоровыми!!!
0
Altyn1980
2014-04-20 13:54:28
вроде тут нету русских пиши на своем языке
0
aitowa11
2014-04-20 14:32:48
Табылып калса экен эми.
0
meerimbek_kudaiberdiev
2014-04-20 15:00:16
инопланетаиндер урдаганго):-D
0
Bella-life
2014-04-21 08:32:57
меники дагы жок.эмнеге очуруп салдынар
0
Kutman88
2014-04-21 11:38:09
239 жургунчунун туугандарына кыйын болду го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан