Түштүк Кореядагы кырсыктан каза болгондордун саны 54кө жетти. Чөккөн кеменин капитаны өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

Түштүк Кореядагы кырсыктан каза болгондордун саны 54кө жетти. Буга чейин куткаруучулар 49 адамдын жансыз денесин суудан алып чыгышкан эле. 
Суучулдар чөгүп кеткен кеменин ичине жекшембиге караган түнү гана кире алышкан. Суу алдындагы операция түнү бою уланган. Азыркы тапта 250дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Эксперттердин айтымында, чөккөн кеменин аймагындагы издөө операциялары 2 айга чейин созулат. 
Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.
Кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алды.  
Ошондой эле кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алган учурда "өздүк себептеринен улам" кемедеги бөлмөдө болгонун айткан. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurgul-92
2014-04-20 23:17:27
kyrgyzdar bolgondo kamabait bolchu teskerisinche bashka olkogo chygarip jiberishmek delo jabilgancha pobegde jurup turogoi dep
+1
Oceana
2014-04-20 23:34:49
Kyrgyzdar kemege 4ykpayt bolchu
-1
ikitaidesu
2014-04-20 23:51:10
окуучуларга жаман болуптур... Ата эне байкуштар саякатка чыгарганына окунуп отурушкандыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан