Бүгүн, 20-апрель күнү Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын Жазгы фестивалы жыйынтыкталды. Анда “Малышка Би”, “Марал”, “Без акцента”, “Нарын жаштары”, “Тентектер”, “SOS”, “Каракол”, “Ёлки-палки” командалары кыска форматта оюн көргөзүштү. Ал эми “Евраш”, “Weekend”, “Анара эмес”, “НКБ”, “Юракадемия”, “Nutstan”, “Нур”, “Универсал”, “Багыт”, “Элестет” командалары толук форматта өнөрлөрүн элге тартуулашты. Алардын өнөрлөрүн режиссёр Рысбек Жабиров, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын шеф-редактору Гүлзат Мамытканова, ырчы мырзалар Омар жана Арсен, юрист Жоомарт Жолдошев, КВНчи Улан Жолдошевдер баалашты.
Жыйынтыгында “Мыкты оюнчу” наамына “Универсал” командасынын Садык аттуу оюнчусу арзыды.
“Мыкты тамаша” наамы “НКБ” командасына тапшырылды.
“Мыкты команда” наамын “Nutstan” өңөрүп кетти.
"Тамашоу" - таланттардын ордосу. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон долбоор республиканын жети дубанынан келген азаматтардын башын бириктирип, патриоттук сезимди ойготууга өбөлгө түзүүдө. Өнөрүн өркүндөтүү максатында кадам таштаган ар бир команданын катышуучуларынын көзүндө жеңишке жетүү кыялы жанып турганы байкалат.
Баёо сезимдүү жаштар ийгиликтерди багындыруу үчүн талыкпай изденүүнүн аракетин көрүп келгенин алардын мыкты тамашаларынан көрсө болот. Андыктан жумурай журттун ден соолугун узартып, күлкү тартуулаган өспүрүмдөр да "Тамашоу" долбоорунан атактуулукка жеткен командалардай эл оозуна алынып калчу күн алыс эмес.