Ош. Жоомарт Оторбаев гилас өстүрүү перспективалуу багыт экенин айтты

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 19-апрелде Ош облусунун Араван районундагы Тете-Коргон айылындагы мөмө бактары менен таанышуу учурунда гилас өстүрүү перспективалуу багыт экенин айтты. 

Өкмөт башчы шабдалы, алма, чие жана гилас өскөн бак менен жеринен таанышты. Фермерлер 2013-жылы 180 гектар аянтка гилас көчөтү отургузулганын маалымдашты. Ал эми 2014-жылы 300 гектар жерге көчөт отургузулганын жана өткөн жылы Орусияга 3 миң тонна гилас экспорттолгонун кабарлашты. 

Өз кезегинде Жоомарт Оторбаев көчөт отургузуу менен бактын аянтын кеңейтүү демилгесин колдоду. Өкмөт жеңилдетилген насыя жана техника жагынан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин баса белгилеп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан