Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Украинанын армиясын модернизациялоого АКШдан акчалай жардам сурады. Бул тууралуу 20-апрелде ал америкалык телеберүүлөрдүн бириндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, жакынкы арада Киевге АКШнын вице-президенти Жо Байдендин келиши күтүлөт. Аны менен сүйлөшүүдө Украинага каржы жана экономикалык жардам көрсөтүү маселеси талкууланат.
“Орусиянын армиясын токтотуш үчүн биздин аскерлер мыкты абалда болушу зарыл. Ошондуктан биз Батыш өлкөлөрүнүн колдоосуна муктажбыз”,- деди Украинанын премьер-министри.