Жалал-Абад облусунда токой өрттөнүп кетти

Кечээ, 20-апрелде саат 15:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айыл аймагынын Сары-Булак айылында жайгашкан токойдо өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 7 гектар куураган камыш жана бак-дарактар (тал, кайың, кашка терек) күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын №46-өрт өчүрүү кызматынан 3 адам, токой чарбасынан 9 адам тартылып, саат 16:35те өрт толук өчүрүлдү. Тилсиз жоонун чыгышына этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2014-04-21 09:16:00
Орт бул тилсиз жоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан