Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Якутия парламентинин төрагасы Александр Жирков менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров 18-апрелде Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын төрагасы Александр Жирков менен жолугушту.

Якутиянын Мамлекеттик Жыйынынын 20 жылдык мааракеси менен куттуктаган Зулпукаров Кыргызстан менен Якутиянын маданий-гуманитардык кызматташтыгынын потенциалы жогору экенин, бул багытта өз ара аракеттенүү зарылдыгын билдирди.

Жирков Якутиядагы социалдык-экономикалык багытта жүрүп жаткан иштерден сөз кылып, эки республика ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу багытындагы ойду колдоого алды. “Манас” эпосун якут тилине, якуттардын “Олонхо” эпосун кыргыз тилине которуу боюнча иштер жүрүп жатканын, 2014-жылдын күз мезгилинде бул котормолордун бет ачарлары белгиленип жаткандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташууну жандандыруу маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан