КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев 18-апрель күнү Түштүк Корея мамлекетиндеги “BIO – AGRO LLC. HITECH – AGRO LLC” фирмасынын президенти Лим Хюн Кванг мырза менен жолугушту. Анда Кыргызстандагы вирусу жок таза картошканын үрөнүн лабораториялык жол менен көбөйтүү жолдорун талкуулады.
Лим Хюн Кванг мырзанын айтымында, мындай ыкма менен өстүрүлгөн картошканын 1 гектар аянтынан 70 тоннадан түшүм алууга болот.
Министр кореялык ишкерлерди инвесторлорду Талас облусуна лаборатория куруу үчүн жөнөтөрү белгилүү болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.