Өткөн сутка ичинде республика боюнча 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 10, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында сарайдын чатыры, 1,5 тонна тезек күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.