Аламүдүн районунда орус улутундагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн айылында жайгашкан суу өткөрүүчү жайда жашы 35-40 чамасындагы орус улутундагы адамдын жансыз денеси табылган. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда.