Бишкектин "Ала-Тоо" жаңы конушунда башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы мектеп ачылды. Билим үйүнүн ачылышына шаар башчысы Иса Өмүркулов да катышып, жаңы конуштун тургундарын Жаңы жылдын алдында жаңы мектептүү болушу менен куттуктады. Мэрдин айтымында, 2013-жылы да бир катар мектеп, Ак-Ордо, Ала-Тоо конуштарын жана Чүй облусунун Сокулук районун электр энергия менен камсыз кыла турган көмөк чордон курула турганын убадалады. Курулушу 2011-жылы башталган бул жаңы мектеп 96 окуучуга ылайыкталып, 800 миллион сомго курулуп бүткөн. Учурда керектүү жабдыктар менен толук камсыздалгандыгы да белгилүү болду.