Баткен. Зардалыдагы жарылуудан дагы бир бала жабыркаган

Зардалыдагы жарылууда жабыркаган балдардын арасында 2007-жылы туулган Ысаков Байэл аттуу дагы бир бала болгон. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов билдирди.  

"Жарылуу учурунда аталган бала ары жакта турган. Адегенде аны абалы жакшы деп Баткен ооруканасына жөнөтүшкөн эмес. Бирок 19-апрель күнү Б.Исаковду текшерүүгө алып келгенде, рентген аппараты анын ичинде жардыргыч заттын сыныктары бар экенин көрсөткөн. Учурда Ысаков Байэлдин абалы жакшы, чуркап эле жүрөт. Үч күн биздин текшерүүдө болот. Сыныктарды алуу же калтыруу азырынча чечиле элек. Негизинен сынык көп зыян алып келбесе, адамдын ичинде калтырып койгон учурлар көп эле болот",- деди Тургунбай Айжигитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Maks.007
2014-04-21 10:12:18
качанга чейин созулат ушундай абал
0
erikkarakulja
2014-04-21 10:58:04
Ким билет мумкун азыркы убакта коншу олколордон келип мина койуп кетип жаткандыр,
+2
Dadin
2014-04-21 12:28:42
erikkarakulja, президент Атамбаевтин Таласта суйлогон созун укпадынбы? Чек -араны жергиликтуу эл озу кайтарсын деген.Эмне Кыргызстан бир гана Атамбаевке керек бекен.Так что курал алып чек араны кайтаралы.Кол чаап кубаттап олтургандардын арасынан чекрачылар,кыргыз аскери кайтарбайбы деп суроо бергенге да жарашпады,баардыгы дежурныйлар экени корунуп эле турду.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан