Ооганстанда 5-апрелде президенттик шайлоо өтүп, добуштардын 50 пайызы эсептелди. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри
Абдулла Абдулла (сүрөттө)
алдыда келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, экс-министр болжол менен 44 пайыздан көбүрөөк добушка ээ болду. Экинчи орунда 33 пайыз менен мурунку каржы министри Ашраф Гани келе жатат.
"Шайлоонун жыйынтыгы 24-апрелде белгилүү болот. Эгер талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайызына ээ болбосо, май айында шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт" деп айтылууда.