Американын биринчи канайымы Мишель Обама телесериалда роль жаратты

Американын биринчи канайымы Мишель Обама май айында көгүлтүр экранга чыгуучу "Нэшвилл" телесериалында эпизоддук роль жаратты. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаты айтып чыкты.

Маалыматка ылайык, "Нэшвилл" - кантри стилинде тартылган музыкалык-драмалык телесериал. Канайым тартылган эпизод Кентукки штатындагы "Форт Кэмпбелл" аскердик базасында тартылган. Анда Мишель Обаманын аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди колдоо максатында өтүп жаткан кайрымдуулук концертине катышып жаткан учуру чагылдырылган.

Бул роль канайымдын алгачкы ролу эмес. Ал буга чейин "Эс алуучу сейил бактар жана аймактар" деген комедиялык сериалга тартылган. Ал катышкан бул тасма 2014-жылдын 24-апрелинде NBC телеканалынан көрсөтүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tin-tina
2014-04-24 21:45:59
ажырашты деп атпады беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан