Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын башчысына карата козголгон кылмыш иши райондук сотко жөнөтүлдү

Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын башчысына карата козголгон кылмыш иши райондук сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын декабрь айында Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын башчысы менен “А.К.К.” ЖЧКнын директору өз ара сүйлөшүп алышып, 90 орундуу бала бакчаны куруу үчүн жалган акт түзүшкөн. Анда бала бакчанын курулуш иштери 1 миллион 883 миң сомго бааланган.

2014-жылдын 31-мартында айыл башчысына “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
merim
2014-04-21 11:45:17
ошондо АКим БААтырга козголуп атабы?АЛ АЙЫЛ ОКМОТТУКТОН ТУШТУ беле?ЖЕ жаны айыл окмотго козголду бекен?ЖЕгннден сон кусмайы бар деген ушул да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан