Ош. Мухаммед пайгамбардын туулган айына арналган "Куттуу жумалык" кечеси болуп өттү

19-апрелде Ош улуттук драма театрында Ош облустук жана Ош шаардык мусулмандар казыяты Мухаммед пайгамбардын туулган айына карата уюштурган «Куттуу жумалык» кечеси болуп өттү.

Анда апрель айында мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын, диний окуу жайлардын студенттеринин арасында мыкты дил баян жазуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө диплом, акчалай сыйлык жана белектер тапшырылып, Мухаммед пайгамбар жөнүндө даярдалган чыгарма көрсөтүлдү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов, Ильич Эргешов жана өкмөттүн Ош облустук өкүлчүлүгүнүн дин иштери боюнча адиси Токтосун Жапаров келди.

Ошондой эле Нарын облустук казысы Мамбет Хасан Ибраев конок катары чакырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirasem
2014-04-21 11:58:57
Жапар аке бул кандай отуруш???????????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан