Жогорку Кеңештин аппарат жана иш башкармалыгынын кызматкерлери 19-апрелде ишембиликке чыгышты. Алар Бишкек шаарындагы "Ататүрк" сейил багын тазалап, көчөт отургузушту. Эске салсак, 2014-жылдын 5-мартында кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, ар жылдын 20-мартынан 20-апрелине чейинки аралыкта Кыргызстандын бардык аймагында жашылдандыруу иштери жүрмөкчү.