Орусияда кыргызстандык жаранга "МАИ кызматкерине пара берүүгө аракет кылган" деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 12-апрелде унаа жолдун каршы тилкесине чыккандыктан, МАИ кызматкерлери аны токтотушкан. Инспекторлор администрациялык жоопкерчилик жөнүндө протоколду түзүп жаткан учурда айдоочу инспекторго акча каражатын берген. Бирок ал пара алуудан баш тарткан.
“Кыргызстандын жаранына карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат адамына пара берүү” жана “кылмышка кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деп жазышты басылмалар.