Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Зардалы айылындагы жаш балдар жабыркаган жарылууну иликтөө үчүн барган Баткен РИИБинин тергөө тобу дагы бир жарылуучу затты таап чыгышты. Бул тууралуу, бүгүн 21-апрелде Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Зардалыга жардырууну иликтөө үчүн барган топ жарылуу болгон жерди иликтөөгө алган. Буга катар эле тергөө тобу башка айыл аймактарында да издөө иштерин жүргүзүп, Баткен районунун Дара айылына караштуу Алтын-Жылга аймагынан №179-48-83-IB сандуу, узундугу 52 сантиметр болгон жарылуучу зат табышкан. Аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.