Кыргызстандык 4 ырчы: Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов 21-24-апрелде Баку шаарында өтүүчү "Патриоттук ырлар" Эл аралык сынагына жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде алардын куратору Өмүрбек Андарбеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн, 21-апрелде таңкы саат 06:30да жигиттерибизге ийгилик каалап, Баку шаарында өтүүчү эл аралык сынакка узаттык. Азербайжандын Жаштар министрлиги уюштуруп жаткан бул сынакка 20 өлкөнүн таланттары катышат экен. Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов тандалып алынды. Алар сынакта квартет катары композитор Муратбек Бегалиевдин "Кыргызстан" аттуу ырын ырдашат",- дейт Өмүрбек Андарбеков.