"Чүйдө бир жыл мурун уурулук кылган" деп шектелип Пригородное айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 31-майында Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын тургуну милицияга кайрылган. Анда ал аталган айылда жайгашкан “Теремок” аттуу бала бакчанын ичинен компьютер, принтер, фотоаппарат жоголгонун айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Г.И. аттуу жаран кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.