Жогорку Кеңештин эки комитети: Эл аралык иштер боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 21-апрелде Баткенде көчмө жыйын өткөрүүдө. Иш-чарада комитеттер Жогорку Кеңеш ратификациялаган эл аралык келишимдердин алкагында Баткенде ишке ашырылып жаткан мекемелердин курулушу менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.
Бүгүн депутаттар ишти Ош-Баткен-Исфана жолунун оңдоло турган тилкелериндеги жумуштун жүрүшү менен таанышуудан баштады. Бул жолду калыбына келтирүү долбоору эл аралык каржы уюмдарынын жардамы менен ишке ашырылып жатат. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Абдимамат Мурзабековдун айтымында, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүгүү ассоциациясы грант жана жеңилдетилген насыя түрүндө 45 миллион доллар, ал эми "Ислам" өнүктүрүү банкы 21 миллион 320 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүдө.
Депутаттар Кербен, Көк-Талаа, Пүлгөн, Бүргөндү айылдарынын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн угушту. Жергиликтүү жашоочулар чек араны бекемдөө, аймакта жашаган калктын социалдык жашоо шартын жакшыртуу талаптарын коюшту.
"Эл өкүлдөрү айтылган маселелерди Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгып, КР Өкмөтү менен аларды биргелешип чечүү жолдорун издөөгө убада берди",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.