Бүгүн, 21-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Корея жарым аралынын түштүк-батышында «Севоль» кемесинин кыйрашына байланыштуу Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хего көңүл айтты.
“Көптөгөн адамдардын, анын ичинде кичинекей балдардын өмүрүн алып кеткен Корея жарым аралынын түштүк-батышында «Севоль» кемесинин кыйрашы тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”,- деп айтылат өлкө башчысынын көңүл айтуусунда.
Президент Алмазбек Атамбаев ушул кырсыктын кесепетинен каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалады.
Эске салсак,16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган.