Белгилүү теледива, дизайнер Ассоль Молдокматова буга чейин зер буюмдарды, эмерек, уюлдук телефон, парфюмериялык каражаттарды жарнамалап келгендигин баарыбыз эле билебиз. Эми ал бир жыл бою "Jade" декоративдик косметикалык компаниясынын жүзү болот. Тагыраак айтканда, бардык басылмаларда анын каражаттарын жарнамаламакчы. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Сулуулукту даңазалоочу "Jade" компаниясы негизи "Ga-De" деп аталат. Мен бул компаниянын каражаттарын 5 жылдан бери пайдаланып келем. Мындан дүйнөлүк стандартка жооп бере турган бетке жана денеге ылайыкталган каражаттар чыгарылат. Каражаттын курамына экологиялык жактан таза компоненттер кошулган. Кошулмалардын арасында атайын баалуу таштардын жана берметтин майдаланган компоненттери бар. Бул кошулмалар аталган компаниянын сулуулук каражаттарын мыкты сапатта сактап турат. Ушунун негизинде каражаттар гипоаллергендик болуп саналат. Алар сулуулукка чеги жок мүмкүнчүлүк тартуулайт. Аларды сатып алууга бардык айымдардын мүмкүнчүлүгү жетет",- дейт Ассоль айым бул компания тууралуу.
Компания менен түзүлгөн келишимге жараша теледива гонорардын баасын коммерциялык сыр бойдон калтырууну туура көрдү.
Ассоль айым өз сөзүндө компаниянын каражаттары Италияда, Германия, Швейцария, Франция жана Израиль өлкөлөрүнүн заводдорунан чыгарын жана алардын чыгышы тууралуу кенен маалымат алып келгендигин кошумчалады.