Орусиянын президенти мигранттардын орус тилин билүүсүн милдеттендирген мыйзамга кол койду

Орусияда мигранттар жумушка орношуу үчүн орус тилин билүүсүн далилдеп берүүгө милдеттендирилди. Мындан ары эмгек мигранттары Орусияда жашоого жана иштөөгө уруксат алуу үчүн орус тилин, Орусиянын тарыхын, ошондой эле мыйзамынын негиздерин билиши керек. Тийиштүү мыйзамга Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин кол койду. 
Мыйзам жогорку квалификациядагы адистерге тиешелүү эмес. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматынан шилтеме берүү менен "РИА-новости" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Орусияга кире турган жаранда СССР убагында же 1991-жылдын 1-сентябрына чейин алган билими тууралуу документи жок болсо, ал сынак тапшырып сертификат алышы керек болот.  

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Орусия Федерациясынын Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин орун басары Людмила Бокова “кабыл алынган мыйзам Орусиядагы чет элдик жарандардын тил маданиятына адаптация болуусун жеңилдетет” деп билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bossmos7
2014-04-21 15:06:04
Иштеп турсак бул жакта!Бул жеке менчик иш кагаздары менен алектенген ишкерлер учун тузулгон мыкты шарт. "Жемкорлуктун" башаты. Акча жасамай оюну.
0
aikow92
2014-04-21 16:36:06
Путин акылдуу, төрт тарабын ойлоп кадам жасады, анан ойлонуп мыйзщамга кол коюп койду.
+2
algajawoo
2014-04-21 20:41:43
Молодец туура кыласын
0
my_love9595
2014-04-21 22:07:55
Тим эле кыйратыптыр....билишимче эмгек мигранттарын кууп чыгаруунун жакшы эле аракеттерин жасап жатышатго чиркин'
0
Aseltay
2014-04-22 21:29:32
Крымдын элдери кошулуп планы толуп мигранттардын кереги жок б-п калдыго дейм..
0
mikeno
2014-04-23 10:43:59
Сертификаты 5000рубльга сатат деген имиштер чыгып жатат ко. Бул жон эле мигранттардан акча чогултуу. Кысымга алуу. Биринчиден орустар оздорунун культурасын, тарыхын билишет бекен. Оздорунон башташса болмок тарыхын, маданиятын, закондорун уйротууну.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан