7-апрелде каза болгондордун туугандарынын адвокаты Осунбек Жамансариев: “Менин сөзүмдү туура эмес түшүнүп, “Мекен шейиттери” уюмунан кетирип салышты”

“Мекен шейиттери” коомдук уюмунун экс-төрагасы, адвокат Осунбек Жамансариев "менин айткан сөзүмдү туура эмес түшүнүп, “Мекен шейиттери” уюмунан кетирип салышты" деп билдирди бүгүн, 21-апрелде маалымат жыйынында.

Анын айтымында, 19-апрелде аталган уюмдун чогулушунда айрым мүчөлөр “ката кетирип, күнөөсү жокту айыптагандын ордуна күнөөлүүнү бошотуп коюу туура" деп айткан сөзүн “айыпталуучулардын бардыгы акталып кетсин” деп туура эмес түшүнүп калышкан. “Мен башынан эле 4 жыл бою 7-Апрель окуялары боюнча соттук жүрүштөрдө катышып жүрөм. Адвокат катары жабырлануучулардын укуктарын коргоп келем. “Мекен шейиттери” уюмунан чыксам да, соттун аягына чейин катышам. Мени менен кошо дагы 10 чакты мүчө чыгып кетти. Албетте, биздин көздөгөн максаттарыбыз бир”,- деди Жамансариев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
brend007
2014-04-21 20:21:07
Жооооон эле жургулочу. Озунорчо проблема жасабай. Андан башка ишинер жокпу не? Бизге келип талаа жумуштарына жардам бергиле бош калсанар.
0
SayKal1218
2014-04-21 21:38:57
Ой ушул киши ырас кетиптир. Жиним келчу ушул кишиге ыйламсырап алып тим эле, кандай байыды 7-апрелди жамынып алып. Осунбек деп жосуну жок десе жакпайт таптакыр ушул киши.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан