18-апрель күнү Бишкекте “Мутакаллим” коомдук бирикмесинин кеңсесинде мусулман аялдардын кийимдеринин көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу коомдук бирикменин социалдык тармактагы баракчасында маалымдалган.
Маалыматта белгиленгендей, аталган иш-чаранын негизги максаты - улуттук колоритте тигилген хиджабдарды көрсөтүү, хиджаб арабдардын улуттук кийими эмес, ал кыргыздардын улуттук кийими экендигин көрсөтүү.
Аталган иш-чарага Кыргызстандагы Сауд Арабиянын элчисинин жубайы жана кызы, ЖКнын депутаты Элмира Жумалиева, Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы жана Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага келген конокторго 40тан ашуун ар кайсы категориядагы кийим-кечелер көрсөтүлдү.