Ош – Баткен – Исфана жолунун 108-123-чакырым аралыгындагы Пүлгөн – Көк-Талаа айылдарын бириктирүүчү бөлүгү күз мезгилине бүткөрүлөт. Муну бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин 2 комитетинин Баткендеги көчмө жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдимамат Мурзабеков билдирди.
Комитеттердин жыйынына катышып жаткан каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып жолдун аталган тилкесине насыялык каражат (8,6 евро) толук берилгенин, жолду Кытайдын “Чайна-роуд” компаниясы оңдоп жатканын айтты.
Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков Жогорку Кеңештин депутаттарына элдин турмуш-тиричилигинде маанилүү ролду ойногон жолдорду оңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.