Болот Миңжылкыевдин туулган күнүнө карата концерт өткөрүлөт

23-апрелде саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында кыргыздын улуу таланты, опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин туулган күнүнө арналган концерт болот. Концертте кыргыз искусство чеберлери Болот Миңжылкыевдин репертуарындагы дүйнөгө атагы чыккан композиторлордун чыгармаларын аткарышат. Андан тышкары залкар таланттан таалим алган шакирттери да кыргыз жана чет элдин ырларын ырдашат. Бул тууралуу “Эмгек” партиясынан бүгүн, 21-апрелде кабарлашты. Концертке кирүү акысыз.

СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев көзү тирүү болгондо быйыл 23-апрелде 73 жашка чыкмак. Өрнөктүү өмүрүн чыгармачылыкка арнаган инсанга көптөгөн сыйлыктар жана наамдар ага жаратылыштан берилген таланты үчүн гана эмес, талыкпаган эмгегинин артынан да ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан