Бишкек шаарында 18-19-апрель күндөрү ИИМдин Жол-кайгуул кызматы “Мамлекеттик автоунаалар” деген аталышта рейд өткөрүп, 13 унаа айып жайга токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ЖККнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, аталган рейддин жыйынтыгында мас абалында унаа башкарып бара жаткан 1, айнектерин караңгылатып айдаган 25, мамлекеттик номурларын чечип койгон 3, тиешелүү документтери жок айдалган 6, кесилиштерден өтүүдө тартип бузган 5, аялдамаларда жана токтотмо жайларда эреже бузган 15 учур катталды. Учурунда булар боюнча протоколдор түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөн.