1-майда Бишкекте “Дүйнө-2014” аталышындагы веложүрүш жана чуркоо боюнча жарыштар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, веложүрүшкө саат 9:30да Тынчтык, 303 дарегинде старт берилет. Катышуучулардын каттоосу ошол эле жерде саат 08:00дө башталат.
Веложүрүш аяктаганда чуркоо боюнча жарыштар башталат (саат 10:00дө “Ала-Тоо” аянтында). “Жалпы иш-чарага спорттун ардагерлери, мектеп окуучулары, студенттер, мэриянын кызматкерлери жана башкалар катыша алат. Жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана башка баалуу белектер менен сыйланат”,- деп жазылат мэриянын маалыматында.