Бүгүн, 21-апрелде Орусиянын Белгород шаарында жайгашкан “Западный” банкында куралчан адам 3 адамды барымтага алып, 25 миллион рубль талап кылууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, мындай ишке барууга банктын лицензиясынын алынып калгандыгы себеп болгон. Анткени барымтага алган адам акча каражатын аталган банкка салган. Учурда Белгород ОИИББинин башчысы куралдуу жаран менен барымтага алынган жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.