“Дордой” базарында иштеген Салык кызматынын өкүлдөрү милдеттерин аткаруудан четтетилишти. Мындай чечимди Салык кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Замир Осмонов кабыл алган.
Белгилүү болгондой, базарда соода орундарына байланыштуу бир нече көйгөй катталган жана бул маселе боюнча аталган кызматка кайрылуулар түшкөн.
“Дордойдогу” кырдаалды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Алар 1-майга чейин ишкердик менен алектенгендердин патенттерин текшерип, салык төлөбөгөндөрдү ачыкка чыгаруу багытында иш алып барышат. Комиссия ар бир соода орунун текшерип чыгат.
"Дордой" базарында иштеп келген Салык кызматынын өкүлдөрү башка жумушка которулушат. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.