Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети Ысык-Көл районунда көчмө жыйын өткөрдү. Депутаттар Балыкчы шаарындагы мунай базасынын, көл жээгине жакын жайгашкан үйлөрдөн чыккан саркынды суулардын көл суусуна кооптуулугу канчалык экени боюнча таанышып чыгышты.
Андан соң көчмө жыйында Биосфералык аймак дирекциясынын өкүлдөрү көл жээгиндеги эс алуу жайларында курулуш объектилерин 300 метр алыстыкта курууну милдеттендирүү боюнча мыйзамга түзөтүү киргизүүнү эл өкүлдөрүнөн өтүнүштү. Комитет мүчөлөрү жогорудагы айрым мекемелерге ишти жолго коюу боюнча 1 айлык мөөнөт берип, 1 айда жогорудагыдай көрүнүштөр кайталанса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдиришти. Ошону менен катар көл жээгиндеги эс алуу жайларындагы экологиялык абалды көзөмөлгө алып, маалымат берүү тапшырылды.
.