Түнкүсүн Бишкектин 4 гана көчөсүндө жарык берүүчү лампалар иштеп жатат
"Бишкексвет" ишканасы билдиргендей, учурда борбор шаардын 4 гана көчөсүндө жарык берүүчү лампалар иштеп жатат. Булар: Аска-Таш көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейин, Чүй көчөсүнөн баштап Алматы көчөсүнө чейин, Тынчтык проспектисинен баштап Мамлекеттик резиденцияга, Совет көчөсүнө чейин жана Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жарык берүү кадимкидей иштөөдө. Эске салсак, энергетикадагы оор кырдаалга байланыштуу Бишкектин көчөлөрүнө жарык берүүнү чектөө боюнча КРнын Энергетика жана өнөр жай министринин буйругу чыккан.