Бүгүн, 21-апрелде саат 11:00 (Москва убактысы боюнча) чамасында Орусиянын Белгород шаарындагы “Западный” банкында үч адамды барымтага алып, 25 миллион рубль талап кылган куралчан адам сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң куралын өз ыктыяры менен тапшырып, баарын бошотту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, барымтага алган адамга 25 миллион рубль кайтарып берүүгө убада берилгенден кийин ал өз ишин токтотту. 46 жаштагы Александр Вдовин банктын кардары экени белгилүү болду. Мындай ишке барууга банктын лицензиясынын алынып калгандыгы себеп болгон. Окуя саат 11:00дө башталып, 14:30да аяктады. Адамдарды барымтага алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.