Илим Карыпбеков: “Инвестициясыз “Манас” аэропортунун келечеги жок”

"Инвестициясыз “Манас” аэропортунун келечеги жок". Муну бүгүн, 21-апрелде “Манас” Эл аралык аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков билдирди. Айта кетсек, бүгүн аталган аэропорт менен Түркиянын Аэропортторду башкаруу боюнча мамлекеттик дирекциясынын ортосундагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.

“Дээрлик бардык инвесторлор менен ушундай меморандум түзүп жатабыз. Жыл ичинде биз түркиялык компаниялар менен иштешебиз. Инвестор тартуу - өтө татаал иш. Биз орусиялык, түркиялык, кытайлык жана башка эл аралык компаниялар менен бул маселени талкуулайбыз. Анткени инвестициясыз аэропорттун келечеги жок. Ишин жүргүзө берет, бирок атаандашууга мүмкүнчүлүгү болбойт”,- деди Карыпбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан