Кыргызстанда орточо айлык 210 долларды түзөт. Кыргызстан бул көрсөткүч менен КМШ өлкөлөрүнүн ичинен орточо айлык акынын көлөмү боюнча Тажикстанды гана артка калтыра алган. Мындай маалымат Эл аралык статистикалык комитетинин 2013-жылга карата жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, эң аз өлчөмдөгү айлык акы Тажикстанда төлөнөт. Тажик жергесинде орто эсеп менен бир кызматкердин айлык акысы 525 сомониге барабар (110 долларга жакын).
Мурун Советтер Союзунун курамында болгон мамлекеттердин ичинен айлык акынын орто көрсөткүчү боюнча Орусия алдыда турат. Орусияда орточо айлыктын көлөмү 23,7 миң рубль (795 долларга жакын). Ал эми экинчи орунда 92,2 миң теңгеге барабар (630 доллар) болгон орточо айлык менен Казакстан жайгашкан. Кийинки орундарда Азербайжан (470 долларга жакын), Украина (345 долларга жакын) Беларусь (350 долларга жакын) бар.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн борбор калааларында айлыктын орточо эсеби боюнча да Бишкек тизменин этегинен орун алган. Бишкекте орточо айлыктын суммасы 287 долларды түзөт (Дүйшөмбүдө 200 доллар). Тизменин алдынкы сабында 1586 доллар орточо айлык менен Москва турат.