Жогорку Кеңештин депутаттары Бүргөндү аймагындагы сугат тутумунун курулушу менен таанышышты

Бүгүн, 21-апрелде Баткен облусунда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин эки комитетинин (Эл аралык иштер боюнча комитети менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети) биргелешкен жыйынында депутаттар Бүргөндү аймагындагы сугат тутумунун курулушу менен таанышты.

Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаковдун айтымында, бул сугат тутуму кошумча 3,5 миң гектар дың жерди өздөштүрүүгө шарт түзөт. Жалпы суммасы 8,3 миллион долларды түзгөн бул долбоорго түрк насыясынан 7,2 миллион доллар бөлүнгөнүн ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Бул акчага 114 чакырым лоток салынат. 

Депутаттар Баткен шаарынын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү менен да таанышышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан