Кыргызстанда 21-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында 2 миллиард 685 миллион 580 миң сом жеңилдетилген насыя алышты. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Насыя 8799 жаранга берилгени айтылды. Насыя алуулардын көрсөткүчү аймактар боюнча төмөнкүдөй:
Чүй облусунда 646 595 сом;
Ысык-Көл облусунда 346 811 сом;
Талас облусунда 285 432 сом;
Нарын облусунда 223 985 сом;
Жалал-Абад облусунда 521 805 сом;
Ош облусунда 453 647 сом;
Баткен облусунда 207 306 сом.