Депутаттар Бишкектеги "Үмүт" борборунда болуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттукташты

Бүгүн, 28- декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Саматов менен Нурбек Мурашев Бишкек шаарындагы "Үмүт" балдардын реабилитациялык борборунда болуп, анда билим алып жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерди тартуулашты. Эл өкүлдөрү балдарга узун өмүр, бекем ден соолук каалашты. "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү - ар бирибиздин милдетибиз, бир эле майрамдарда эмес, ар дайым көңүл бурушубуз керек" деген депутаттар бул борборго мындан ары да жардам бергенге убада кылышты. "Үмүт" реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген 70 бала билим алат жана ар кандай кесиптерге үйрөнүшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан