Сирияда президенттик шайлоо 2014-жылдын 3-июнуна белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Сириянын парламент төрагасы жергиликтүү басылмаларга билдирди.
Түшкө чейин Сириянын өлкө башчысы Башар Асаддын мөөнөтү 17-июлда аяктай тургандыгына байланыштуу шайлоо 17-июлга чейинки убакытка бекитилиши керектигин маалымдашкан.
Маалыматтарга караганда, учурда президенттикке талапкерлерди каттоо уланууда. Башар Асад өз талапкерлигин көрсөтөрү азырынча белгисиз.