Өзбекстандан Кыргызстандын түштүк аймагына келчү газ маселеси чечиле элек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев билдирди.
“Бир аптадан бери "Кыргызгаздын" жетекчилиги жана Ташкенттеги кыргыз элчилиги "Узтрансгаз" менен "Узбекнефтегаз" ишканаларына кайрылуу жолдойт, бирок алардан эч кандай жооп жок. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин атынан да жолдогонбуз. Ага да жооп жок болуп жатканынан эми премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин атынан Өзбекстандын премьер- министрине кат жиберебиз”,- деди Кулмурзаев.