Прокуратура: Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучунун иши сотко өттү

Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.А. боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, материалдар сотко өттү. Муну бүгүн, 21-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылдын декабрь айында аталган жаран жана “А.К.К.” ишканасынын директору А.А. 90 орундуу бала бакча куруу боюнча жасалма келишим түзгөндүгү айтылып, кылмыш иши козголгон эле. Курулуштун суммасы 1 миллион 883 735 сомду түзгөн.

Айыл өкмөт башчысы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана башка беренелер боюнча айыпталган. Бул иш учурда Кара-Суу райондук сотунда экени кабарланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан