Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мыйзамсыз сакталган тапанча табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү милицияга "Новопокровка айылынын 33 жаштагы тургуну тапанчаны мыйзамсыз алып жүрөт" деген маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери тапанчанын ээси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң, ал куралды өткөрүп берген. Учурда тапанча экспертизадан өтүп жатат.