Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Бүгүн, 28-декабрь күнү түнкү саат 2:00 чамасында аталган унаа жолдун 98-чакырымында көлөмү болжол менен 625 м³ болгон кар көчкү түшүп, жолду убактылуу жабууга туура келди. Түшкөн кар көчкүнү тазалоого бир бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.