Кечээ, 21-апрелде саат 10:00дө Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында 250-350 куб метр жер көчкүнүн активдешкени байкалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер көчкү аталган айылдын Абдиев көчөсүндөгү өсүмдүк майын чыгаруучу заводдун аймагынан табылды. Анын узундугу 40-55 метр, туурасы 30-35 метр, көлөмү болжол менен 250-350 куб метрге барабар экени белгилүү болду.
Жер көчкү коркунучунун алдын алуу максатында жер көчкүнүн активдешип жаткан аймагына сиңип жаткан булактын нугун бурууга Чаек айыл аймагы тарабынан 1 экскаватор, Райондук суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 60 метр арык казылды.
КРнын ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан берилген 250 метр полиэтилен клеёнка суу сиңүүчү арыктын астына төшөлдү.