Бишкекте жол кырсыгына кабылган кичи автобустун айдоочусу ооруканада каза тапты

Кечээ, 21-апрель күнү жол кырсыгына кабылган Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын айдоочусу ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон жаран 1989-жылы туулган Руслан Мырсалиев болгон. Ал ооруканада ээсине келе албай көз жумду.

Айта кетсек, 21-апрель күнү саат 20:30 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда 1989-жылы туулган Мырсалиев Русландын башкаруусундагы кичи автобус жол жээгиндеги электр мамысын сүзүп алган. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги 25 жаштагы жүргүнчү кыз ошол жерден каза таап, айдоочу ооруканага жеткирилген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан