Сооронбай Жээнбеков: "Ош облусунун таза экологиялык продукция менен экспортко чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору"

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков 21-апрелде USAID Эл аралык уюмунун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча адиси Чарльз Спектти кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

Анда бир катар маселелерди карап, ыйгарым укуктуу өкүл Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун айыл чарбасы өтө потенциалдуу экендигин белгилеп, айыл чарбасын, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн дыйкан-фермерлерге гранттык акча каражаттары жумшалса, жогорку стимул боло тургандыгын айтты.

Ош облусунун таза экологиялык продукция менен экспортко чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору, бизде энергия, суу, азыктандыруучу заттар жана башка өндүрүшкө керектелүүчү чыгымдар абдан арзан баада. Ошондуктан биз арзан жана экологиялык таза товарлар менен экспортко чыгуунун үстүндө иштеп жатабыз. Эгерде дыйкан-фермерлерге узак мөөнөткө насыялар же гранттык колдоо көрсөтүлсө, анда биз ойлогондой ийгилик жаралмак”,- деди Жээнбеков.

Ал эми Чарльз Спект өкүлдүн жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары USAID айыл чарбасына колдоо көрсөтө тургандыгын маалымдап, биргеликте иштөө үчүн даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан